​Коронавирустан эки бейтап каза болду

  • 4 года мурун

5-июнга карата өткөн сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 2 бейтап каза болду.

Анын бири — Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 34 жаштагы аял. Экинчиси-улуттук фтизиатрия борборунда 82 жаштагы аял.

Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 22 кишини түздү.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

5-июнга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учуру катталып, жалпы саны 1936га жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты