COVID-19: Жаңы 37 учуру катталды. Бардыгы 1936га жетти

Жаңылыктар

5-июнга карата Кыргызстанда бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 37 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 14;
Чүй облусу – 7;

Нарын облусу – 6;

Ысык-Көл облусу – 3;
Ош шаарында – 1;

Ош облусу – 5.

-Бүгүн катталган жаңы 37 учурдун, 17си четтен келгендерден табылды. Алардын ичинде, Москва жана Оренбургдан келген жарандар бар. Калган 12 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталса, 8 учурдун булагы тактала элек –деди - саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев

Республикада инфекцияга кабылгандардын жалпы саны 1936га жетти.

Бир суткада коронавирустан 48 киши айыкты. Айыккандардын жалпы саны 1340ка жетти.