Баш прокуратура: 1-июлга чейин митингге тыюу салуу мыйзамсыз жана негизсиз

  • 4 года мурун

Шаардык прокуратура Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митингдерге тыюу салуу чечимин мыйзамсыз деп тапты.

Баш прокуратура билдиргендей, Бишкек шаарынын мэриясы 2020-жылдын 1-июлуна чейин тынчтык митинг, жүрүштөрдү уюштурууга чектөө койгон. Ошол эле кезде мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өзүн-зү башкаруу уюмдары уюштурган расмий иш-чараларды өткөрүүгө ал чектөөнүн тиешеси жок болгон.

Токтомду аткаруу үчүн Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондорунун акимчилиги аталган райондордогу сотторго кайрылып, ал талап аткарылган.

Бишкек шаарынын прокуратурасы митинг, жүрүш ж.б. иш-чара өткөрүүгө чектөө киргизүү чечими негизсиз жана жокко чыгарылууга жатат деп билдирди.

Анда маалымадалгандай, Конституциянын 34-беренесине ылайык, ар бир жаран тынчтык чогулуш өткөрүүгө жана катышууга укуктуу.

Бийлик органдарына ар бир жаран тынчтык жыйналыш, иш-чара өткөрүүгө арыз бере алат. Жарандар тынчтык жыйналыш өткөрүүгө арыз бербегени үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

Тынчтык митингдерди чектөө улуттук коопсуздукка жана коомдук тартип, калктын саламаттыгына, башкалардын эркиндигине зыян келе турган учурларда гана тыюу сала алат.

8-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Жеңиш аянты тарапта митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Аларды кийинчерээк кайра бошоткон.

Бишкекте Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондорунда сот чечимдери менен митинг өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизилген.

Сүрөт: 8-марттагы жүрүштө. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты