Аялдардын маршында милиция уруксат берилбеген жерде митинг өткөргөн деп кармаган (Видео)

8-мартта уюштурулган «Аялдардын тилектештик жүрүшүндө» кармалгандар бошотулду. Бул тууралуу укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.

«Кээ бири түшүнүк кат жазышты. Айрымдарын жөн эле бошотушту, балким паспортундагы маалыматтарды жазып калса керек. Ал эми айрым уюштуруучулар «милицияга баш берген жок» деген негизде кармалган экен. Бирок милиция ал жакка келип «тарагыла» деп айткан эмес» деди Ошурахунова.

Укук коргоочунун айтымында, милиция марштын элүүдөй катышуучусун автобуска салып кеткен.

Буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен байланышып, кармалгандарды бошотууну суранганын айткан.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган. Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер болду.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын билдирди.

Сүрөт: «Азаттык».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты