​Кой-Таш окуясы боюнча сот: Жабык эшик артындагы кайым айтыш

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы угуулар 3-мартта башталып, 4-мартта улантылды. Баштапкы угуулар жабык өтүүдө. Сотту Марат Сыдыков алып барууда.

Биринчи күндөгү баштапкы сотко кылмышка шектелип жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбвев катышса, экинчи күнү, 4-мартта ал сот отурумуна келген жок. Ошондой эле кылмышка шектүү депутат Ирина Карамушкина келген жок.

Камактагылардын бөгөт чарасы өзгөртүлбөйт

Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектелип камалгандардын бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды.

Мындай чечим бүгүн, 4-мартта, соттогу баштапкы угуу учурунда кабыл алынды.

Камактагылар прокурорду айыптады

Айыпталып жаткан Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Канат Осмоналиев, Фархат Баабиев жана Карыпбек уулу Рыспек бул иш боюнча прокурор Темирбек Бекмаматовду айыптаган билдирүү таратты. Анда сот иши прокурор Темирбек Бекмаматовдун кысымы астында болуп жаткандыгы белгиленди.

«Сот Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов жетектеген мамлекеттик айыптоочулардын басымы менен өтүп жатат. Ал Асылбек Жээнбековдун жакындары дайындаган прокурор. Анын үстүнө коомчулукка тараган маалымат боюнча, Темирбек Бекмаматов Жээнбековдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар. Бекмаматов Атамбаев президент болуп турганда башкы прокурордун орун басарлыгынан кеткен» деп айтылат билдирүүдө.

Прокурор Темирбек Бекмаматов журналисттерге ал айыптоону четке кагып, өз ишин жасап жатканын, Жээнбековдорго эч кандай тууганчылыгы жок экенин айтты.

Прокурорлор да соттун ачык өтүшүн жактайт

Темирбек Бекмаматов прокурорлор да соттун ачык өтүшүн жактаарын билдирди:

«Биз соттун ачык өтүшүнө каршы эмеспиз. Кечээ, бүгүн баштапкы соттук жыйындар болуп жатат. Ошондуктан ал мыйзам боюнча жабык өтөт» деди Бекмаматов.

Буга чейин кылмышка шектелген тараптардын адвокаттары кылмыш ишинин ачык өтүшүн талап кылышаарын билдирген.

Кылмыш ишине 14 киши кылмышка шектелип жатат. Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархад Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Асангелди Какебаев.

Булар бийликти күч менен басып алуу, бийлик өкүлүнө коркунуч келтирүү же күч колдонуу, тергөөчүнүн ишине тоскоол келтирүү, барымтага алуу, жапырт баш-аламандык, киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет, куралды мыйзамсыз жүгүртүү, курал-жаракты уурдоо жана куралды тартып алууга аракет, сотко чейинки ишке байланыштуу ага коркунуч келтирүү же күч колдонуу беренелери боюнча кылмышка шектүү деп табылган.

Ошондой эле дагы беш киши тергөө менен кызматташкандыгына байланыштуу алардын кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынды.

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты