Митингде өкмөттү отставкага кетирүү талабы коюлду

  • 4 года мурун

Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн митингде камактагы саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгаруу менен катар өкмөттү отставкага кетирүү, Конституциялык реформа жүргүзүү талабы коюлду. Бул тууралуу митингде сүйлөгөн Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев билдирди.

Чолпонбаев «өлкөдөгү бир катар кемчиликтерди жоюу үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү жана өкмөттү отставкага кетирүү зарыл» деп айтты.

“Конституциялык реформаны бүгүн жасабаса, эртең кеч болуп калат”-деди Чолпонбаев.

Бирок саясатчы Баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин тактаган жок. Катышуучулар негизги талап катары Садыр Жапаровду абактан бошотууну аташты.

Уюштуруучулар акцияга 5 миңге жакын киши катышканын айтышууда. Көз карандысыз байкоочулар чогулгандар 2 миңге жакын деп жатышат. Ички иштер министрлиги акциянын катышуучуларынын саны боюнча маалымат бере элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон. Ал «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылган.

Сүрөт: «Азаттык».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты