Бүгүн Жогорку сот Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карайт

  • 4 года мурун

Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов «Азаттыкка» билдирди. Ал бул акыркы сот жараяндары экенин белгилеп, жакшы жыйынтыктан үмүттөнүп турганын билдирди.

«Кассациялык арыз Чүй облустук сотунун 2016-жылы 29-январда чыгарган чечимине карата берилген. Сиздер билгендей, 2016-жылы 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайларды карап, 2010-жылкы Базар-Коргон райондук сотунун «өмүр бою эркинен ажыратылсын» деп чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган».

Азимжан Аскаров 21-февраль күнү коомчулукка кайрылуу таратып, бүгүнкү териштирүүгө катышарынан күмөнү бардыгын белгилеп, кайрылуусун сотто сүйлөөчү сөзү катары жарыялаганын билдирген. Адвокаттын айтуусунда, Жогорку сот айыпталуучунун катышуусуз эле ишти кароого укуктуу. Бирок Аскаровдун каалоосуна жараша сотко анын катышуусу тууралуу өтүнүч берилет.

Жалал-Абаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь коогалаңын уюштуруучулардын бири деп айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандыкты уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген.

Жакында эле Азимжан Аскаров Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат деп кыргыз өкмөтүнө каршы Бишкектин район аралык сотуна арыз жазган. Арыз сотто качан каралары белгилүү боло элек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты