HRW: Кыргызстанда адам укугу көйгөйү дагы эле тынчсыздандырат

HRW: Кыргызстанда адам укугу көйгөйү дагы эле тынчсыздандыратКыргызстанда адам укугу боюнча көйгөй дагы эле тынчсыздандырат. 

Сооронбай Жээнбековдун президенттик бир жылдыгында ЖМКга асылуу азайганы, мамлекет башчы жарандык коом менен конструктивдүү баарлашууга аракет кылганы менен, адам укугу  боюнча көп жылдык көйгөй дагы эле тынчсыздандырат деп  Human Rights Watch укук коргоо боюнча эл аралык уюму  бир жылдык отчеттук баяндамасында белгиледи.

Баяндамада 2018-жылы 90 өлкөдөгү абал тууралуу сөз болду.  Баяндамада айтылгандай, Кыргызстанда аялдарга зомбулук токтотулбай келе жаткандыгы, кыз ала качуу көрүнүштөрү дагы эле орун алгандыгы айтылды, мурункудай эле кыйноо жагдайы орун алууда, укук коргоочу Азимжан Аскаров өмүр бою кесилген боюнча камакта.

Экстремизмге каршы күрөшүү алкагында экстремисттик материалдарды сактоо аларды криминалдаштырууга, адам укугун бузууга алып келиши ыктымалдыгы айтылды.

Ош окуясынан бери сегиз жыл өтсө дагы андан жапа чеккендер сот адилеттигин күтүп жатышат. Бийлик кыйноо алдында алынган көрсөтмөлөрдү кайра карап чыкпагандыгы белгиленди. 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча мыйзам кабыл алынганына карабастан, үй-бүлөдө зомбулук көрсөтүү токтобой келет.

Укук коргоочулардын пикиринде, туура эмес мамиле жана кыйноо жагдайынын жоопкерчиликке тартылбай калышы Кыргызстанда норма болуп калган. Андай иштер боюнча кылмыш иши сейрек козголот, ал эми иликтөө жана сот процесстери натыйжасыз жүргүзүлөт деп айтылат баяндамада.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты