Казакстанда Кордойдогу окуяга байланыштуу 25 кылмыш иши козголду

  • 4 года мурун

Казакстанда Кордой окуясына байланыштуу «жапырт түрдө башаламандык чыгаруу, башаламандыкка үндөө, бейбаштык, бийлик өкүлүнө кол көтөрүү, мүлктү жок кылуу жана мыйзамсыз түрдө колго курал жасоо» фактылары боюнча 25 кылмыш иши козголду.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен мекеме аралык ыкчам-тергөө тобу түзүлдү.

8-февралда кечки саат тогуздан тартып Жамбыл облусунда жергиликтүү бийлик Кыргызстан менен чектеш Кордай районуна өзгөчө кырдаал киргизген.

Казак полициясы маалымдагандай, кагылышууга коңшу айылдардан 300гө чукул киши келген.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Шордөбө, Каракемер айылдарындагы баш аламандыктан 10 адам каза болгон. 40 киши жаракат алган, 25 турак үй, 31 коммерциялык объект, 41 машина өрттөлгөн.

Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чүй дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Башаламандыктан кийин Кыргызстандын аймагына өткөндөр көбөйгөн.

Кордой районундагы Масанчи айылында 2009-жылкы эл каттоого ылайык, 13 миңден ашуун киши жашайт. Алардын 90% дунгандар, 5% казактар жана 5% орустар.

Ал эми Шордөбө айылынын 14 миңден ашуун тургуну бар. Бул эки айылда жана аларга канатташ бир нече кыштакта дунгандар басымдуулук кылат.

Казак бийлиги кан төгүү менен коштолгон тополоңдун чоо-жайын так түшүндүрө элек. Коңшу өлкөнүн өкмөтү «бейбаштыктан айынын чыккан мушташты улут аралык жаңжал кылып көрсөтүп жатат» деп «чагымчылдарды» күнөөлөдү.

Сүрөт: Вячеслав Оселедко/AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты