Казакстандагы жапырт мушташтан 8 киши каза тапты (Видео)

Казакстандын Жамбыл облусунун Кордой районунда, Кыргызстан менен чек арага, Токмок шаарына жакын жердеги мушташта 8 киши каза таап, 40 тай киши жарадар болду.

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев ЖМКга билдиргендей, Масанчи айылында тиричилик араздашуусунан улам өзүн агрессивдүү алып жүргөн 70 чамалуу киши чогулуп, ал жапырт мушташка айланып кеткен.

“Окуяны көргөндөр жана чагымчылар видеого тартып,мессенжерлер жана социалдык түйүндөргө жүктөп жиберген. Коңшу айылдардан 300 дөй киши келген» деп айткан ал.

Казакстан ИИМ маалыматы боюнча, 30 га жакын жеке үй, 15 соода түйүнү, 23 машина өрттөнгөн.

Токмоктогу ооруканага 18 киши кайрылган. Алардын 17 си казакстандык, бирөө — кыргызстандык. Он киши орто абалда ооруканага жаткырылган.

40 киши ар кандай деңгээлде жаракат алышкан, айрымдарына ок тийген. 8 киши каза тапты.

Мушташ эмнеден чыккан?

Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаевдин айтымында, “Трагедия болду, бир канча киши каза тапты. Бул чагымчылардын тиричилик араздашуусун этникалык жагдайга алып чыгуу аракетинен болду” деди ал.

7-февралда кечинде Казакстандын Жамбыл облусунун Кордой районуна караштуу Масанчи жана Шордөбө айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлаган.

Казакстандагы мушташтан кийин дунгандар Кыргызстанга качып келип, баш паанек табышканы тууралуу ЖМК билдирди.

Сүрөт: Tengrinews.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты