​Токаев чек арага жакын айылдагы мушташ тууралуу пикирин билдирди

  • 4 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз –казак чек арасына жакын, Жамбыл облусунун Кордой районуна караштуу Масанчи жана Шордөбө айылдарындагы жапырт мушташка байланыштуу пикирин билдирди.

«Кордой районунда бейбаштык өңүттөгү жапырт мушташ болду. Аны чагымчылар өз пайдасына пайдаланууну көздөгөн. Полиция жагдайды тартипке салып, өз көзөмөлүнө алды. Коомдук тартипти бузгандар жоопко тартылат» деп жазды «Твиттер» баракчасына Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев.

7-февралда кечинде Жамбыл облусунун Кордой районуна караштуу Масанчи жана Шордөбө айылдарында жергиликтүү тургундар арасында жапырт мушташ болгонун Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Аталган казак айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына жакын жайгашкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты