Чек ара кызматы: Казакстандан келгендер азайды

  • 4 года мурун

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча 10-февралга караган түнү Кыргызстанга өткөн казакстандыктар катталган жок.

«Чек арадагы «Кең-Булуң», Токмок өткөрмө бекеттеринде абал тынч. Кечээ түштөн кийин Кыргызстанды көздөй агылгандар азайган. Тескерисинче кайра мекенине кайтып кетип жаткан казак жарандары катталды. Өткөрмө бекеттеринде кезек күткөндөр жок».

Мамлекеттик чек ара кызматы 9-февралда саат күндүзгү 10.00го карата 1000ден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кеткенин кабарлаган.

8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Шордөбө, Каракемер айылдарындагы баш аламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жаракат алган. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлдү.

Казакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чүй дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Башаламандыктан кийин Кыргызстандын аймагына өткөндөр көбөйгөн.

Азырынча Кыргызстандын расмий органдары чек арадан канча адам өткөнүн жарыялай элек. Бирок өкмөттөгү ишенимдүү булактар акыркы бир суткада Казакстандан Кыргызстанга 4500дөн ашык адам өтүп келгенин билдиришкен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты