Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаевди СИЗОдо «сындырыша» турганын жазды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңешти мурдагы депутаты, «Үмүт 2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова «Твиттер» баракчасына анын күйөөсү Сыргак Кенжебаевди СИЗО-1 убактылуу камак жайында «сындыра» турганын жазган.

«Мындан ары мен мен элди уурдагандарга каршы чыкпашым үчүн бийлик «каралар» аркылуу СИЗО-1де Сыргакты «сындыра» турганын айтып келишти» деп жазлы Ширин Айтматова.

Бирок бул билдирүүнүн Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы четке какты:

«Бизде видеокамералар орнотулган, андай болушу мүмкүн эмес. Сыргак Кенжебаев «карантинде», ал камерага да бара элек. Ал өзү сыяктуу экономикалык кылмыштарга шектелип олтургандар менен бирге, олтургузулат болушу керек.

Сыргак Кенжебаев 20-декабрда кармалып, УКМК убактылуу абак жайына камалган.

«Umut-2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова 19-декабрда Алматы аэропортунан жолдошун (Сыргак Кенжебаевди) белгисиз бирөөлөр белгисиз жакка алып кеткенин жазып чыккан.

Андан кийин Айтматова күйөөсүн Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармаганын билдирди.

УКМК Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын күйөөсү экендигин билген эместигин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты