Ширин Айтматова күйөөсүн УКМК кармаганын билдирди

  • 4 года мурун

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова күйөөсүн Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармаганын билдирди.

Ал «Твиттерге» жолдошу Алматы аэропортунан кармалганын жана Бишкекке алып келингенин жазды жана «репрессия уланууда» деп билдирди.

Айтматова күйөөсү Сыргак Кенжебаев 19-декабрда Алматы шаарынын аэропортунда жоголгонун маалымдаган.

Буга байланыштуу Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаевге жардам сурап кайрылган.

2019-жылы Ширин Айтматова «Үмүт 2020» саясий кыймылын быйыл негиздеп, коррупцияга каршы курч иликтөолөрдү жарыялап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты