​УКМК: Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелүүдө

  • 4 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы алдамчылыкка шектелип, Сыргак Кенжебаев (Ширин Айтматованын күйөөсү-ред.) кармалганын жана УКМК убактылуу абак жайына камалганын билдирди.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, М. М. аттуу кытай жараны Сыргак Кенжебаевге алдамчылык боюнча чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Кытай жараны арызында Кенжебаев аны ири суммага, жалпысынан 350 миң долларга алдаганын билдирген.

Бул факты кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине 204-берене, ири суммадагы алдамчылык боюнча катталган.

Кытай жараны «Коопсуз шаар» долбоору боюнча Кыргызстанга келип, ири суммадагы акчасын Кенжебаеге алдаткандыгы айтылат.

Сыргак Кенжебаев 20-декабрда кармалып, УКМК убактылуу абак жайына камалган.

«Umut-2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматова 19-декабрда Алматы аэропортунан жолдошун (Сыргак Кенжебаевди) белгисиз бирөөлөр белгисиз жакка алып кеткенин жазып чыккан.

Андан кийин Айтматова күйөөсүн Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кармаганын билдирди.

УКМК Сыргак Кенжебаев Ширин Айтматованын күйөөсү экендигин билген эместигин билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты