​Равшан Жээнбеков камалды. «Мунун баары саясий буюртма!» деди ал (Видео)

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 2020-жылдын 9-февралына чейин камакка алынды. «Мунун баары саясий буюртма! Бийликтин айтканы менен болуп жатат» деп билдирди ал.

Жээнбековду 2020-жылдын 9-февралына чейин камоо чечимин бүгүн, 14-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Жээнбеков СИЗО-1 абак жайында кармалат.

Адвокат Замир Жоошев Равшан Жээнбеков оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, тактап айтканда, “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча шектелип жаткандыгын айтты.

Равшан Жээнбеков «Мунун баары саясий буюртма! Бийликтин айтканы менен болуп жатат» деп билдирди.

Равшан Жээнбеков 12-декабрда камакка алынган.

7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Видео: Кундуз Ажыбекова

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты