Мурдагы башкы консул Эркин Сопоков кармалды

  • 4 года мурун

Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 28-ноябрда суракка чакырылып, камакка алынганын билдирди.

Сопоков Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кармалган.

Мурда Кыргызстанда ишкерлик менен алектенген Саймаитини 10-ноябрда кафеде отурган маалда белгисиз киши атып кеткен.

Ал өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү жолтандабас Эркин Сопоковго таандык экени, автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгону ачыкка чыккан.

УКМК Сопоковдун кармалышы «Азаттык» радиосу жана «Kloop» сайты жарыялаган коррупция тууралуу иликтөөгө байланышы бар экенин да белгиледи.

Ошондой эле Сопоковдун үстүнөн Башкы прокуратура кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» өңдүү бир катар беренелер боюнча да иликтөө жүргүзүүдө.

Мындан тышкары КР Стамбулдагы консулу Э.Сопоковду комплекстүү текшерүү иш аракеттеринин жыйынтыгында КР Башкы прокуратурасы тарабынан бул боюнча факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери КР УКМК тергөө башкармалыгына жиберилген.

Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынна кыянат пайдалануу боюнча катталган Э.Сопоков тарабынан дипломатиялык номери менен «Range Rover» маркасындагы өздүк автоунаасын А.Саймаитиге жана башка тараптарга мыйзамсыз берген фактысы;

Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси, мыйзамсыз баюу боюнча катталган Э.Сопоковдун 200 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатына ээ болуп, 47,6 млн. сомго турак жай сатып алып, мыйзамсыз байыган фактысы;

320-берене, кызмат абалынна кыянат пайдалануу боюнча катталган Э.Сопоковдун жубайынын Стамбул шаарындагы чет өлкөлүк командировкасы үчүн төлөнгөн 30% акча каражаттын мыйзамсыз алуу фактысы. Жубайы ал учурда Стамбул шаарында жашаган эмес. Ошондой эле жалпы суммасы 31 040 АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирген мыйзамсыз түрдө медициналык жана өкүлчүлүк чыгымдарды алуу фактысы.

Сопоков УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

11-ноябрда Сопоков кызматтан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты