​Эркин Сопоков Стамбул шаарындагы КР башкы консулу кызматынан бошотулду

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков Эркин Мамасалиевич кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул жеке ишкер Айеркен Саймаити Түркиядагы өлтүрүлгөн жердеги машина Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоковго тиешелүүбү деген суроого жооп иретиндеги кызматтан бошотуу болду окшойт .

Түрк ЖМКсы ишкер өлтүрүлгөн жерде консулдук «34 CC 2902»номери бар Range Rover машинасын видеодо көрсөттү.

«Азаттык» радиосунун «Кыргызстандын чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланган.

Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты