​УКМК жетекчилигинин отставкасын талап кылган петиция жарыяланды

  • 4 года мурун

Укук коргоочу Рита Карасартова Change.org сайтында Улуттук коопсуздук комитетинин жетакчилигинин отставкасын талап кылган петиция жарыялады.

Анда УКМКдан кылмыш ишиндеги 200 миң доллар далил акча каражатынын жоголуп кетиши тууралуу маалыматтар, Баткен облусунун мурдагы прокурорунун аңчылыкта кесиптештери менен бирге болуп, өлтүрүлүшү, Кытай жараны Айеркен Саймаити жана аны менен Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоковдун байланышы, Бишкек шаардык ИИБден 20 кылмыш ишинин жоголуп кетиши, жаза аткаруу кызматынын кызматкеринин пара талап кылышы ж.б. мамлекеттик структура өкүлдөрүнүн кылмышка аралашышы жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирери айтылат.

Ошондон улам укук коргоочу Карасартова Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчилигинин отставкасын талап кылып петиция жарыялады.

Карасартова азыркы формасында органды реформалоого мүмкүн эместигин белгиледи.

“Азыркы формада органды реформалоо пайдасыз жана натыйжасыз болот. Алардын деградациясы тереңдеп жана оңолгус болуп калды” деп белгиледи укук коргоочу.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты