​Баш прокуратура: ИИБ кызматкерлери кылмыш иштери боюнча документтерди жоготуп алышкан

  • 4 года мурун

Ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери токтотулган кылмыш иштеринин айрым документтерин жоготуп алган фактыларын баш прокуратура аныктады.

Бул тууралуу баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Баш прокуратура текшерүү учурунда кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестриндеги токтотулган айрым кылмыш иштеринин фактылары боюнча 20 документ жоголуп кеткенин аныктады.

Ал Бишкек ИИБ тергөөчүлөрү тарабынан козголгон иштин документтери болчу.

Кылмыш иштерин жоготуу фактылары кылмыш-жаза кодексинин 149 жана 331-беренелери боюнча кылмыш жана жаза бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки ишти УКМК Бишкек шаардык тергөө бөлүмү жүргүзмөкчү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты