​ТИМ Стамбулдагы экс-консул Сопоковдун иши боюнча комиссия түздү

  • 4 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Стамбул шаарындагы экс-консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жумушчу комиссиянын курамына баш прокуратура, УКМК, ИИМ өкүлдөрү кирди.

Аталган комиссия өкүлдөрү Стамбул шаарына барып, мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун ишмсердүүлүгүн текшерет.

Эркин Сопоков 12-ноябрда, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдук кызматынан бошотулду.

Түркияда жеке ишкер Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерде консулдук «34 CC 2902»номери бар Range Rover машинасы Эркин Сопоковго таандык болгон. Ал машинанын номуру Стамбулдагы консулдукка тиешелүү.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып кеткен.

Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Сүрөттө: Стамбулдагы экс-консул Эркин Сопоков. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты