​Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланды

Жаңылыктар

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Самат Курманкулов Кой-Таштагы окуяда оор жаракат алып, Москва шаарындагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна жаткырылган.

8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Таштагы операцияда Чүй ИИБ башчысы Самат Курманкулов жарадар болгон.

ЖаңылыктарЧүй ИИБСамат Курманкулов"Эрдик" медалы