​Конституциялык палата Атамбаевдин экс-президенттик макамын алуунун мыйзамдуулугун карайт

  • 5 лет мурун

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевден экс-президенттик макамын алуунун баш мыйзамга ылайыктуулугун карайт.

Бул маселе 23-октябрда карала турганын Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Парламентте Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратууга 103 депутат «макул», 6-«каршы» добуш берген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы жана Батукаевди бошотуу боюнча оор жана өзгөчо оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин камакта боло тургандыгы тууралуу чечим чыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты