Батукаев боюнча соттогу баштапкы угуу Атамбаевсиз өтө турган болду

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму башталып, жарым сааттык тыныгуу жарыяланды. Баштапкы угуу Алмазбек Атамбаевсиз өтө турган болду.

Баштапкы угуу мурдагы президент Атамбаевсиз өтө турган болду. Бул тууралуу Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Замир Жоошев ошондой эле кийинки отурумдарга да Алмазбек Атамбаев катышпай турганын кабарлады.Жоошевдин айтымында, сотко айыпталуучуну күч менен алып келүү деген ченем мыйзамда жок.

Батукаев боюнча 11-октябрда ачылган сот иши Атамбаевдин келбегендигине байланыштуу 14-октябрга жылдырылган. 14-октябрда ошол эле себеп менен 15-октябрга жылдырылган.

Адвокаттары сот отурумун Атамбаевсиз өткөрүү тууралуу сотко маалымдама келтиришкен.

Бул иштин алкагында төрт адамга президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гемотология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго айып тагылууда.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты