Батукаев боюнча сот: Сот отуруму Атамбаевсиз өтөбү?

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 15-октябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму улантылды.

Адвокат Сергей Слесарев жактоочулар Биринчи май райсотуна отурумду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өткөрүү боюнча сунуштама жазганын билдирди.

Батукаев боюнча 11-октябрда ачылган сот иши Атамбаевдин келбегендигине байланыштуу 14-октябрга жылдырылган. 14-октябрда ошол эле себеп менен 15-октябрга жылдырылган.

Бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүүдө.

Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гемотология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго айып тагылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты