Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын иши 1-ноябрга чейин узартылды

  • 5 лет мурун

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтеген мамкомиссиянын кезектеги жыйыны болду

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйын өткөрдү.

Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушу менен мамлекеттик комиссиянын иштөө мөөнөтүн 1-ноябрга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болгон.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты