​Президент Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда, аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекова менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Айсулуу Тыныбекованы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.

«Сенин алтын медалың бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем» деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле көп жылдан бери аялдар күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген Нурбек Изабековго жана Айсулуу Тыныбекованын ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда Президент Жээнбеков аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага Президенттин энчилүү сааттарын тапшырды.

Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өткөн чемпионатта аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты