​Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду (Видео)

  • 5 лет мурун

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өттү. Бүгүн, 20-сентябрда, Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди 5:3 эсебинде жеңип алды.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова мексикалык Александра Ромеро Банниланы, япониялык Якако Каваини, украиналык Юлия Ткач Остапчукту, түндүк кореялык Жоң Сим Римди жеңген. Ошону менен 2020-жылы Токиодо өтүүчү олимпиадага жолдомо алган.

Видео: КР Улуттук олимпиада комитети

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты