​Милиция Бишкектеги массалык мушташтын күнөөгө шектүүлөрүн кармады

  • 5 лет мурун

Бишкектеги Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги массалык мушташтын күнөөгө шектүүлөрүн кармады.

Бул тууралууу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, шектүүлөр Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков Кыргызстандын аймагынан кармалып, Бишкек шаардык ИИБдин убактылуу камак жайына камалды.

Азыркы учурда сотко чейинки иш жүрүп жатат.

Кечээ, 5-сентябрда, массалык мушташка шектүүлөр жана мушташ болгон жерден шектүүлөрдү калкалап алып кеткен милиция кызматкерлери жазасын алсын деп талап кылып, жабыркагандардын жакындары жана тарапташтары Бишкекте Ак үй алдына митингге чыгышты.

Митингчилерди ошол эле күнү, 5-сентябрда, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабыл алып, башчысы Канат Жумагазиев сабалган балдардын жакындары менен жыйындар залында жолугушкан жана кылмышка шектүүлөрдү табууга убада беришкен.

Прокуратура маалымдагандай, 28-августта Бишкек шаарынын ИИБине жаш балдар мушташып жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кармабай, алардын качып кетишине жол берген.

Жерине милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери, мндан сырткары, Чүй милициясынын кызматкери Казыбек Бапышев да келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жаткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана 348-берене, кылмышты жашыруу боюнча иш козголгон.

Сүрөот: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты