Массалык мушташта шектүүлөрдү калкалап алып кеткен милицияга иш козголду (Видео)

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери массалык мушташ болгон жерден шектүүлөрдү калкалап алып кеткен.

Бул тууралуу Ленин райондук прокуратурасы билдирди.

Ленин райондук прокуратурасына Э.Б.дан анын иниси У.Б.ны Бишкектин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинен сабап кеткендиги тууралуу арыз түшкөн.

Прокуратура маалымдагандай, 28-августта Бишкек шаарынын ИИБине жаш балдар мушташып жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кармабай, алардын качып кетишине жол берген. Себеби шектүүнүн бир тууганы Чүй ИИБде иштейт.

“Ошондой эле ал жакка Чүй милициясынын кызматкери Б.К. барган, ал кызмат абалынан кыянат пайдаланып, шектүү Б.Ж. менен С.К.ны кылмыш болгон жерден алып кеткен” деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана 348-берене, кылмышты жашыруу боюнча иш козголду.

Видеону абайлап көргүлө, зомбулук!

Видео: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты