​ЖЭБ боюнча сот 28-августка жылдырылды

  • 5 лет мурун

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ооруп, сот отурумуна катыша албагандыгынан улам сот 28-августка жылдырылды.

Сапар Исаков соттук териштирүү мезгилинде Улуттук коопсуздук комитетинин абагына алынып, 16-августта ооруканага жаткырылган.

Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун айтымында, Сапар Исаковдун абалы азырынча жакшы эмес.

ЖЭБ модернизациясы боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лаврова айыпталууда.

Мурдагы премьер Сапар Исаков ошондой эле Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жана Чолпон-Атадагы авт майданда коррупцияга шектелип камалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты