​ЖЭБ боюнча сот иши уланууда

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун модернищациялоо боюнча сот иши башталды.

Анда судья Инара Гилязетдинова төрайым болууда.

Сот угуусу жабык өтүп жатат.

Жактоочулар сот ар жуманын шаршемби күндөрү өтүп турарын билдиришти. Эртең соттук угуу аяктайт, сот процесси 6-марттан башталат.

Жактоочулар Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун чыгаша сметасын Кытайдын ТВЕА компаниясынан сураганы жатышат.

Айыпталуучулар мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, “Энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лаврова айыпталууда.

Аталган 8 киши мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөй , 111 млн доллардан ашык зыян келтиришкен деп айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты