Прокуратура: Карамушкина кишилерди барымтага алуу боюнча шектелүүдө

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси («Кишилерди барымтага алууга катышуу») боюнча шектелип жатат. Эл өкүлүнө бул боюнча маалымат берилгенин Башкы прокуратурадан билдиришти.

Депутат социалдык тармактагы баракчасына массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатканын жазды. Бирок кодекс боюнча 244-беренеде кишилерди барымтага алууга катышуу жөнүндө гана жазылган.

«Башкы прокурор мени массалык башаламандыкты уюштурду деген берене боюнча күбөдөн шектүүгө айландырды. Көрсө мен укук коргоочуларды сабатуу үчүн элге акча таратыптырмын. Бир дагы далил келтире алышкан жок. Мыйзамдуулук жок бизде!» — деди депутат.

Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операция жүргөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген. УКМКга алып келинген мурунку президент Биринчи Май райондук соту 26-августка чейин камакка алынган.

16-август күнү Атамбаевдин жактоочулары тарабынан берилген доо арыздын негизинде көчмө жыйын өтүп, Бишкек шаардык соту аны камакта калтыруунун мөөнөтүн ошол боюнча калтырган.

20-августта анын камактагы мөөнөтү бир айга узарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты