Ирина Карамушкина Кой-Таштагы окуялар боюнча шектелүүдө

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Кой-Таштагы окуялар боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу Карамушкина «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Депутаттын сөзүнө караганда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов анын Кой-Таштагы окуялар боюнча күбө макамын Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча шектүү деп өзгөрткөн.

Ирина Карамушкина бул беренени «Массалык башаламандык уюштуруу» деп жазган. Бирок Жазык кодексинде бул берене «Адамды барымтага алуу» деп көрсөтүлүп турат.

Бул боюнча Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Ал эми Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында Карамушкина ушу тапта ИИМдин Тергөө башкармалыгында суракта отурат.

Ирина Карамушкина 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири. Ал 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Ташта болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты