​Равшан Жээнбековду кармаганы жатышат

  • 5 лет мурун

Саясий ишмер Равшан Жээнбековду Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси, барымтага алуу боюнча ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы кармаганы жатат.

Бул тууралуу Равшан Жээнбеков фейсбук баракчасында билдирди.

Жээнбековго адвокатын чакырууну сунушташкан. Анын адвокаты — Азимбек Бекназаров экенин айтты.

“Мени, демократиялык оппозицияны, колдогондорго рахмат айтам. Мыйзам алдында – мен тазамын. Буга ошол күндөгү ЖМКнын видео материалдары күбө” деп айтты Равшан Жээнбеков.

7-8-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. Алты жоокер барымтага алынды. Равшан Жээнбеков да ошол күндөрдө Кой-Ташта болгон.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты