​Алмазбек Атамбаевдин канча курал-жарагы болгон?

  • 5 лет мурун

Аламүдүн районундагы Кой Таш айылындагы үйүнөн 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин, анын үйүн кароо учурунда ар кандай ок атуучу курал — жарактар жана ок — дарылар милиция кызматкерлери тарабынан алынды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын ичинен А.Атамбаевдин үйүнөн алынган куралдар:

  • СВД сайлуу ок атуучу куралы магазини менен, ZOLI -300 маркасындагы ок атуучу курал;
  • СКС сайлуу карабин мылтыгы,12 калибрдеги сайсыз “Сайга 20 С” мылтыгы;
  • “Progress”маркасындагы сайсыз ок атуучу курал;
  • “Капрал” автоматтык сайсыз ок атуучу куралы магазини менен;
  • ТТ маркасындагы сыйлыкка алган сайлуу 7,62 калибрлүү пистолет эки магазини менен;
  • CN 100 маркасындагы 9-калибрдеги 2 пистолет;
  • “Fabarm”маркасындагы ок атуучу курал;
  • ТОЗ маркасындагы 12 калибрдеги кош ооз сайсыз мылтыгы алынды.

Жалпы жонунан 11 даана курал жана ок дарылар алынды.
Андан сырткары УКМКнын ыкчам тез аракеттенүүчү отрядынын кызматкерлеринен тартылып алынган 12 калибрдеги резина ок менен атылуучу 7 помпо куралы алынды.
Учурда бардык куралдар боюнча атайын криминалисттик экспертизалар жүргүзүлүүдө.

Мурдагы мамлекет башчы Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, коррупция беренеси боюнча айыпка шектелүүдө.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты