Опумбаев: «Биз аягына чейин турабыз»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 8-августта, жайкы каникулда жүргөн Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы чакырылды.

Кезексиз сессияны чакырууга кечээ, 7-августтагы Кой-Ташта болуп өткөн окуя себеп болгон.

61 депутат катышып, кворум болду.

Депутат Жээнчороев жыйынга премьер -министр, президент катышыш керек, антпесек, өзүбуздү өзүбүз таратып жиберели деди. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да келди.

Рыскелди Момбеков азыркы ушул кырдаалда премьер-министр, ички иштер министри кечээ кайда жүрдү деди.

Алмамбет Шыкмаматов премьер-министр Солтон-Сары боюнча да маалыматты бериши керек деди.

Анда УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев жана ИИМ өкүлү маалымат берди.

Орозбек Опумбаев Атамбаевди кармоо операциясында күч структуралары куралсыз болгонун билдирди.

Атамбаев СВД аттуу снайпердик курал менен куралданганын кошумчалады. Бир адам, Ниязбеков каза тапкан. Алты кызматкерди Кой-Ташта барымтага алынган

Опумбаев оор жаракат алгандарды атап өттү. 19 адам ооруканада жатат.

Опумбаев «Биз бул операциянын акырына чейин турабыз» деп билдирди.

УКМК жетекчиси да, ИИМ өкүлү да Атамбаевди кармоого барган атайын отряд адегенде эч кандай куралы жок барганын, баш-аламандык күчөгөндө гана желим ок колдонгонун билдирди.

Кечээ, 8-августта, Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн. 44 адам жарадар, бир адам каза болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты