​ИИМ: Солтон-Сарыдагы абал милициянын көзөмөлүндө турат

Жаңылыктар

Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерде Ички иштер министри-Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары бар.

5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен.

Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди.
Аталган факты Нарын ички иштер бөлүмүндө Кылмыш-жаза реестринде катталып, тергөө жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Абал туруктуу экенин билдирди ИИМ.

Солтон-Сарыга жакын жайгашкан айыл тургундары менен жолугушуу үчүн бириничи вице-премьер министр Кубатбек Боронов жөнөп кетти.

ЖаңылыктарКыргызстанНарынСолтон-СарыИИМКашкар ЖунушалиевКубатбек Боронов