​Солтон-Сарыга биринчи вице-премьер Боронов жөнөп кетти

  • 5 лет мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Алар Солтон-Сары кенине жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугушмакчы.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Алар Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан тургундар менен жолугушмакчы.

Солтон-Сары кенинде 5-августта кечинде 500 дөй киши чогулуп, «Жоржи Майнинг» кытай компаниясынын кызматкерлеринин кетишин талап кылышты.

4-августта ал жерде 30дай малчы кытайлык компания өкүлдөрүн айыптап, «күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын» деген талап коюшкан.

3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат.

Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ичики иштер бөлүмүндө сурак берип жатышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты