​Алмаз Оңолбеков Бажы кызматынын төрагалыгынан бошотулду

  • 5 лет мурун

Алмаз Оңолбеков берген арызына ылайык, Бажы кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Оңолбеков бул кызматка 2018-жылдын май айында дайындалган.

Буга чейин Кыргызстанга Кытайдан келген товарлардын импорт жана экспорту боюнча көрсөткүчтөрдүн айырмачылыгы тууралуу сын пикирлер айтылып келген.

Ошол эле убакта республикалык бюджеттин салыктык жана бажылык жыйымдар боюнча артта калганы да сындалып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты