​Жээнбаева: «Бажы жана салык жыйымдары боюнча артта калуу байкалууда»

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алуу учурунда министр бажы жана салык жыйымдары боюнча артта калып жатканыбызды билдирди.

Бактыгүл Жээнбаева мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы абал тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, корголгон беренелер боюнча артта калган жокпуз.

Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу жана өлкөнү санариптештирүү боюнча долбоорлор өз убагында каржыланууда. Республиканын ар бир райондук борборунда 3 чакырым жолду куруп, оңдоп-түзөөгө каражат бөлүндү.

Мындан тышкары министр 2019-жыл ичинде мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу пландалып жатканын маалымдады.
Ошол эле убакта республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдар боюнча артта калуу байкалганын билдирди. .
Президент Жээнбеков мамлекеттик каражатты жоопкерчиликтүү жана ачык-айкын башкаруу экономикасынын өсүшүн камсыздоо үчүн негиздин бири болушу керектигин белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты