​Финпол Матраимовдун мүлкүн текшерди. Жашырылган 24,2 млн сом салык төлөндү

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу фирмалар төлөнбөй калган 24 млн 275 миң сом салык төлөдү.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (финансы полициясы) басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн көрсөтмөсү менен Д.Т., ТКА, Т.Т. фирмалары 18 млн 33 миң 267 сом төлөгөн.

Райымбек Матраимовдун аялынын ЕЕS ишканасындагы иши текшерилген. Анын натыйжасында көз жаздымда калган 6 млн 241 миң 728,71 сом салык төлөнгөн.

Финпол Райымбек Матраимовдун аялына катталган төмөндөгүдөй мүлктү аныктаган:

  • Ысык-Көлдөгү коттедж;
  • «Лексус GX 460» машинасы;
  • Ошондой эле Бишкекте эки жана Ошто бир квартираны саткан;
  • Ага апасынан мураска түштүктөгү турак үйдүн үчтөн бири, Ошто жер участогу:
  • Чүйдө турак үйү апасынан мураска өткөн. Бул мүлктү алар жакын туугандарына берген.

Райым Матраимовдун чет өлкөдөгү мүлктөрү текшерилип жаткандыгын финполиция билдирди.

«Азаттык» үналгысынын кабарчысы Али Токтакунов “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндө Матраимовдор фондуна Түркиядан 2,3 миллион доллар которулганын, ал эми Кыргызстандан 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын жазып чыккан.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге «Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, Өкмөттү сотко берген.

Өткөн жылы 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан. Кийин бул чечимди Жогорку сот күчүндө калтырган.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Матраимов боюнча иш Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине быйыл 1-февралда катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы реестрге 323-берене («Мыйзамсыз баюу») менен каттаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты