Жогорку сот Райым Матраимов кызматына кайра келсе болот деп чечим кабыл алды

  • 5 лет мурун

Жогорку сот 17-майда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишин карап, ал кызматтан мыйзамсыз алынган, кызматына кайра алынышы керек деген райондук, шаардык соттун чечимдерин күчүндө калтырды.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2018-жылдын 25-майында Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына кайра алынышы керек деген чечим кабыл алган.

2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаардык сотунда Биринчи май райондук соттун чечими күчүндө калтырылган.

Жогорку сот 17-майда райондук жана шаардык соттун чечимдерин күчүндө калтырды.

Жогорку сот Матраимовдун кызматы жогорку административдик кызмат болгондуктан, дисциплинардык жаза тартиби каралбаганын, Өкмөт аны жаңылып, жарандык жана муниципалдык кызмат тууралуу мыйзамдын 47-беренесине ылайык саясий жетекчиликтин ишениминен кеткендигине байланыштуу деп кызматтан алганын белгиледи.

Райым Матраимов ал кездеги Премьер-министр Сапар Исаковду кызматтан мыйзамсыз алды деп сотко берген.

Коомчулукта Матраимов “Райым миллион” деген лакап ат менен белгилүү болуп, бажыдагы коррупциялык иштерге тиешеси бар экени айтылып келет.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Матраимовдун мүлкүнүн мыйзамуулугун текшерип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты