Атамбаев Путин менен жолугушабы?

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-июлда, чакырылган тараптан «Русжет» авиакомпаниясынын атайын борту менен Москва шаарына учуп кетти.

Бул тууралуу КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасында билдирди жана сүрөт жарыялады.

Делегациянын курамында КСДП төрагасынын милдетин аткаруучу, ЖК депутаты Асел Кодуранова, КСДП төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Мурадыл Мадеминов, ЖК депутаты Ирина Карамушкина, партиянын РФдагы өкүлү Темирлан Султанбеков жана Кундуз Жолдубуева бар.

«Эң жогорку бийлик өкүлү менен жолугушуу күтүлүүдө» деп кошумчалады Жолдубаева.

Атамбаев Россияга кимдин чакыруусу менен жана эмне максатта бара турганын ачыктаган эмес. Болгону 36 саттан кийин кайра келээрин айткан.

ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок бул иште бийлик мыйзамдык талаадан чыгып кетти деп баруудан баш тарткан.

22-июлда Атамбаевдин үйүнө, Кой-Ташка, Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү мурдагы президенттин суракка эмне себептен келбей жатканын сураганы барганда, КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева анын кол тийбестиги бар экенин, аны суракка алуу мыйзамсыз экенин билдирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик статустан ажыраткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты