​Кыргыз жана тажик тарап чек ара окуясын биргелешип иликтейт

  • 5 лет мурун

Кыргыз жана тажик вице-премьерлери кечээ, 23-июлда, чек ара окуясы боюнча сүйлөштү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Тажикстан вице-премьер-министри Азим Иброхим кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участогундагы окуя боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар окуяны биргелешип иликтөө жөнүндө чечим кабыл алышты. Мындан тышкары биргелешип күзөтүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин калкы арасында түшүндүрүү иштерин улантууга макулдашышты.

Жергиликтүү бийлик органдары кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жасоо иштерин улантууда.

22-июлда саат 17.20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух (ТР) айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон.

Аксай айылынын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, натыйжада эки айылдын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан.

Анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон.

Бул чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жарат алган, үчөөнө таш тийген

23-июлда тажик тараптан ок атылып, чек ара кызматкери жарадар болду. Мамлекеттик чек аранын ал жеринде күчөтүлгөн иш режими киргизилди.

Кыргыз — тажик чек арасындагы чырдан бир киши каза болуп, кеминде дагы бешөө жаракат алды.

22-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр боюнча кылмыш иши козголду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты