​Кыргыз чек арачысы жарадар болду

  • 5 лет мурун

Тажик тараптан ок атылып, чек ара кызматкери жарадар болду. Мамлекеттик чек аранын ал жеринде күчөтүлгөн иш режими киргизилди.

Бул тууралуу КР Чек ара кызматы билдирди.

Исфара-Ворух жолу ачыла элек. Тажик жарандары Исфана-Баткен жолун жаап салышты.

Эки өлкөнүн чек ара башчыларынын жолугушуусу күтүлүүдө.

22-июлда кечки сааь 17:20лар чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажикстандын желектерин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кетишкен.

Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылындагылер желектердин орнотулушуна каршы болушкан. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Бул чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жарат алган, үчөөнө таш тийген.

Тажик тараптан бир киши каза таап, кеминде бештей киши жараат алгандыгын тажик тарап билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам 315 киши Баткенге көчүрүлдү

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты