​Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бүгүн акыркы сапарга узатылат

  • 5 лет мурун

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевдин сөөгү бүгүн, 17-июлда, жерге берилет.

Бул тууралуу анын жакындары маалымдады.

Коштошуу үчүн бүгүн саат 16 да анын сөөгү Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрынын алдына алынып келет.

Ашырбек Темирбаев 66 жаш курагында оорудан кийин Бишкектеги ооруканалардын биринде кечээ, 16-июлда, каза тапты.

Ал 1952-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.

Жогорку Кеңеште төраганын жардамчысы, аппарат жетекчиси болуп иштеген.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп 2012-жылдан бери эмгектенип келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты