Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев дүйнөдөн кайтты
- 5 лет мурун
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Мойдунович Темирбаев 66 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Бул кабарды Өкмөттүн маалыматтык кызматы тастыктады.
Ашырбек Темирбаев Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду.
Ашырбек Темирбаев 1952-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган.
Жогорку Кеңеште төраганын жардамчысы, аппарат жетекчиси болуп иштеген.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп 2012-жылдан бери эмгектенип келди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү