​УКМК экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

  • 5 лет мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы коррупция беренеси боюнча бул ишти сотко чейинки өндүрүшкө алды.

«Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин дайын-дареги табылбай жаткандыгына байланыштуу ага издөө жарыяланды. Сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат» деп билдирди ИИМ басма сөз кызматы.

Белгилүү криминалдык төбөл Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

Алты жыл мурда кримтөбөл Азиз Батукаевдин ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алар үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалып, кайра бошотулган.

Мындан тышкары мурдагы Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты