Алмазбек Атамбаев дагы суракка барган жок

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түрмөдөн мыйзамсыз мөөнөтүнөн мурда бошотулган Азиз Батукаевдин иши боюнча экинчи жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди:

— Мен азыр ИИМге кайрадан кат даярдап жатам. Алар кол тийбестиги бар кишини суракка чакыруу менен алар кайрадан мыйзамды бузуп жатышат, -деди ал.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев биринчи жолу чакырылганда да «Алмазбек Атамбаевге ИИМ кагаз жиберип чакырта албайт, себеби анын экс-президент катары кол тийбестиги бар» деп айткан.

2003-жылдагы Кыргыз Республикасынын КР Президентинин кол тийбестиги тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Атамбаевге да тиешелүү.

Анын кол тийбестик иммунитети бар. Мыйзам артка кайтуу күчүнө ээ эмес. Ошондуктан ИИМдин чакыруу кагазы мыйзамсыз» деген.

ИИМдин Тергөө башкармалыгына 9-июлга Алмазбек Атамбаев күбө катары чакырылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик статусунан ажыраткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты